Отуз жыл чогуу жашаган ата-энем азыр ажырашса болобу?
Саламатсызбы! Мага кеңеш керек болуп жатат. Ата-энемдин жашы элүүдөн өтүп калды. Чогуу жашагандарына отуз жыл болду. Экөөнүн мамилеси солгундаган абалда. Учурунда атам мас болуп келип апама кол көтөрчү. Апамдын ушу себептен ден соолугу акыркы жылдары өтө начарлады. Сурайын дегеним, азыр ушул жашта экөө ажырашса болобу?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Эгер маселе сиз айткандай болсо жана мындан ары чогуу жашоого мүмкүн болбосо, анда сотко ажырашуу жөнүндө доо арыз менен кайрылса болот.
Ракия Рахматова
“Сезим” кризистик борборунун юристи
Эгерде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылсаңар, “Сезим” кризистик борборуна кайрылсаңар болот. Бул жактан акысыз юридикалык, психологиялык, социалдык жана медициналык жардамдар көрсөтүлөт. Бара турган жери жок кыз-келиндер борбордун шелтеринде белгилүү бир убакка чейин жайгаштырылат. Ал жерден дагы укуктук, психологиялык/психотерапиялык жана социалдык жардамдар көрсөтүлөт. Шелтер аялдардын балдары менен жашоосуна ыңгайлашкан.