// //

Күйөө балам конокко союла турган козуну бекитип коюптур

2020.10.08, 13:08
8427

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет боорукер күйөө балам бар деген кайын аганын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.

Чак түштө кирип келген кандай ууру болду экен?

“Ыя ботом, эми эмне кылабыз”, “ушул жерде турбады беле”, “милиция чакыралыбы”, “конок келгени калды”, “макул, ызы-чуу кылбайлы” ж.б. Үйгө чай ичкени кирип кетсек сырттагы козуну бирөө жарым уурдап кетиптир. Атайын тоодон семизин алдырттык эле. Кечки саат жетиге коноктор чакырылып калган. Айла жок базарга түшүп жиликтеп эт сатып келдик.

Чак түштө кирип келген кандай ууру болду экен? Мындай карасаң, короонун айланасы тосулган, Балтек деле бош болчу. Балким, тааныш бирөө кылды?

Конокторду аябай жакшы тостук. Алар дагы ырдап-бийлеп шаңдуу отурушту. Бир ай мурун карындашым турмушка чыккан. Сырттын баарын күйөө балам өзү тейледи. От жагып, эт бышырып, колго суу куюп дегендей. Аябай элпек жигит, анан дагы боорукер. Көчөдө өлүп жаткан көгүчкөндү көрсө деле жашып жиберет.

Конокторду узатып алдык. Күйөө балам экөөбүз кемегени жыйнаштырып жүргөнбүз. Бир нерсе айта албай эле кысталып жатты.

- Эмне болду?

- Байке, мен бир жаман иш кылып койдум?

Дароо оюма карындашым келди.

- Карындашыма байланыштуу бир нерсе болсо, менден жакшылык күтпө!

- Жок, жок, байке. Туура эмес түшүнүп алдыңыз. Жүрсөңүз көрсөтөм.

Машинасына алып барып багажын ачты. Көргөн көзүмө ишенген жокмун. Уурдалган козу чөп жеп жатат. Колу-бутун дагы байлап койбоптур. 

- Бул эмне?

- Сойгонго колум барбай койду. Көзүн жалдыратып караса жүрөгүм чыдабады. Көзүнөн жашы чыгып кеткендей дагы болду. Байке, чын, колум барбады.

Боорум эзилип калды. Ушунча дагы боорукер адам болобу?! Каткырып жатканымды угуп үйдөгүлөр чыкты. Эмне болгонун түшүнүп алар да күлүп киришти. Козуну кайра тоого жөнөттүк.

Андан бери бир топ жыл өттү. Күйөө балам эч өзгөргөн жок. Эми конок чакырган сайын, кой союлуп бүткүчө аны аяп үйдөн чыгарбайбыз.  

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт