Жети жыл мурун багып алган кызыма кантип күбөлүк алсам болот?
Саламатсызбы! Мен жети жыл мурун тааныштар аркылуу кыз багып алгам. Ошонун туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Социалдык коргоо башкармалыктарына кайрылсак, энесин таап "отказной" алып келгиле деген. Аны таппай жатабыз. Таштап кеткен деп кошуналарга кол койдуруп алсак болобу?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Кыз асырап алууда силер мыйзам талабындай иш жүргүзгөн эмессиңер, ошондуктан бүгүнкү күндө ушундай көйгөй жаралууда. Социалдык коргоо мекемесинин кыздын апасынан “отказной” алып кел деп айтуусу туура эмес. Анткени кыздын апасы документ боюнча ким экендиги белгисиз.
Бул жагдайды жөнгө салуунун бир канча жолдору бар.
Биринчиден, сиз кыздын апасын табышыңыз керек. Ал адам төрөт үйүнөн төрөгөндүгү боюнча тактаманын негизинде кызга төрөлгөндүгү боюнча күбөлүк алуусу зарыл. Анан сиз асырап алуу боюнча иш жүргүзөсүз.
Экинчиден, баланы таштап кеткендиги боюнча милицияга кабарлап, алардан бала таштап кетүү фактысы боюнча акт түздүрүү керек болот. Ушул акттын негизинде алты ай өткөндөн кийин асырап алуу боюнча иш жүргүзөсүз.
Үчүнчүдөн, социалдык коргоо мекемеси жана жактоочу аркылуу төрөлгөндүк фактысын аныктоо боюнча сотко кайрылсаңар болот.