Спиралга көнүү үчүн канча убакыт кетет? Гинеколог жооп берет
Саламатсызбы. Мен жаңы эле спираль салдырдым. Тынбай эле выделения келип жатат, мурун мындай болчу эмес. Дискомфорт болуп кыйналып кеттим. Дегеле спиралга көнүү үчүн канча убакыт керектелет?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Жатын ичине салынуучу спираль организм үчүн бөлок тело болуп жатат. Ошондон улам терс көрүнүштөр байкалууда: этек кири адаттагыдан көбүрөөк келет, бел, ич оорутат, бөлүнүп чыгуулар көп болот.
Адаптаияга үч ментсруалдык циклге чейин убакыт берилет. Бирок этек кириңиз өтө көп келсе, циклдин ортосунда дагы аз-аздан кан кетип, ич кийим булганса, тынымсыз бел, ич оорутса, бөлүнүп чыгуулар токтобосо, анда спиралга көнүп кетүүнү күтүп отурбай алдырып салган туура болот.
Ден соолукта болуңуз.
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка