Кайын атам үйлөнсө, жашап жаткан үйүбүздү сатып сала алабы? Адвокат жооп берет
Саламатсызбы. Менин суроомо да жооп берип коесузбу? Биз жашаган үй кайын атамдын наамында, бирок ал пропискада жок. Үйдө мен, жолдошум жана үч балабыз катталганбыз.
Кайын атам үйлөнүп, ушул үйдө жашайм, деп жатат. Бул үйдү сатып алганда ал бир аз эле кошумча кылган. Кайын атам үйдү сатып сала алабы?
Ширин Алмазова
“Линия защиты” коомдук фондунун адиси, адвокат
Саламатчылык. Ооба, сатып сала алат. Эгер үй сиздин кайын атаңызга жазылган болсо, ал үйдүн толук кандуу ээси болуп саналат, жана бул мүлк менен өзү каалагандай колдонуп же сата алат. Үйгө пропискага туруу эч кандай менчик укугун бербейт.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Адвокат Ширин Алмазова менен @almazova__s инстаграм аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жерден окусаңыз болот:
Мурунку аялым кызым менен жолуктурбайт. Эмне кылышым керек?
Балам мектептен колун сындырып алды, кимде жоопкерчилик? Адвокат жооп берет
Күйөөм мени сабачу, эми милицияга арыз жазсам болобу? Адвокат жооп берет
Кызымды кайын эжеме жаздырууга каршымын. Менсиз өткөрүп албайбы?