Башка динге өтүп кеткен досубуз менен мамиле курсак күнөө эмеспи?
Саламатсызбы! Менин досум эки жыл мурун башка динге өтүп кетиптир. Биз эми ал досубуз менен мамиле кылганыбыз туура элеби же бөлүп койсокпу?
Кадыр Маликов
Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары, теолог
Бул жерде өзүңүз тандайсыз. Куранда Алла Таала “кимде-ким динин алмаштырса, алар руханий жактан жакын адам болбой калат” деп айткан. Мунун мааниси, динин алмаштырган адам менен достук мамиледе болуу кыйын болуп калат, анткени көз караштар, баалуулуктар ар башка. Ал эми жалпысынан баарлашууга тыюу салынбайт. Бирок, жакын дос болуу оор болушу мүмкүн. Бул нерсени практика көргөзүп турат. Айталы, баалуулуктары ар кандай адамдар көп талашып-тартышышат. Бул өз кезегинде мамиленин үзүлүшүнө алып келет. Ал-акыбалды сурап, кошуналарга же тааныштарга кандай мамиле кыласыз, ошондой мамиле кылууга тыюу салынбайт. Ар бир адам кудай алдында өзү үчүн жооп бере турганын унутпайлы.