Жаңы төрөлгөн кызымдын тарамышы түйүлүп жатат. Эмне кылыш керек?
Саламатсызбы. Кызым 2,5 айлык. Эки айында УЗИге түшүрсөк, башында бир аз суу бар экен, деп айткан. Судороги берип жатат. Колу-буту муздап, көзү чылпактап кетет. Эмне кылышым керек?
Мухабат Касымова
Педиатр
Саламатчылык. Кызыңыздын температурасын өлчөңүз. Эгер дене табы 38,2ден жогору болсо, дары менен түшүрүүгө аракет кылыңыз. Андан башка эч нерсе кылган болбойт. Балаңыз өтө кичинекей.
Мындай кырдаалда үйдө жатып алып интернет аркылуу кеңеш сураганыңыз туура эмес. Тезинен доктурга кайрылып, чара көрүңүз.
Баланын ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылыңыз.
Педиатр Мухабат Касымова менен инстаграмдагы @doc.kasymova баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Баланын ден соолугуна байланыштуу башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Баланын эмгеги чоңураак экен деп жатышат. Балага зыяны жокпу?
Баламдын тамагы тез-тез эле ооруй берет. Эмне кылса болот? Педиатр жооп берет
Кызымдын кулагын тазалап жатып оорутуп алдым. Эмне кылышым керек?