// //

Асель Енгалычева: "Кыргызстан" партиясы өзүн эч нерсе менен булгаган жок

2020.09.25, 18:55
989

Асель Енгалычева, Көркөм гимнастика федерациясынын вице-президенти, “Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер.
Ал эмне үчүн “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен депутаттыкка ат салышып жаткандыгы жана жаштарды тарбиялоого кошкон салымы жана максаттары тууралуу айтып берди.

- Эмне үчүн “Кыргызстан” партиясын тандадыңыз?
- Биринчиден, бул эң туруктуу партия жана өзүн эч нерсе менен булгаган жок. Мен партиянын лидерлерине ишенем, анткени бул адамдар менен биздин өлкөдө көп нерсе өзгөртүүгө болот. Мага партиянын катарындагы Чолпон Султанбекова, Наталья Кулматова сыяктуу күчтүү аялдар өзгөчө жагат.
Балдарды жана өспүрүмдөрдү тарбиялоо боюнча менин идея жана максаттарым, партиянын саламаттыкты сактоо, маданият жана билим берүү жаатындагы программасы менен түздөн-түз байланыштуу деп эсептейм.

- Жогорку Кеңештин депутаты болуп келгенде кандай демилгелерди көтөрүүнү көздөп жатасыз?
- Мен өзүмдүн негизги максатымды жаш балдарды жана өспүрүмдөрдү тарбиялоодон көрөм. Бул маселелерде көп нерсени өзгөртүп, толуктоо керек. Өлкөнүн келечеги болгон жаш балдарды тарбиялап жатканда, балдарга кызыктуу нерселерди жасоого атайын шарттардын жок экендигин, алардын иш жүзүндө уюштурулбагандыгына күбө болдум. Жаштарды тарбиялоого мамлекет тарабынан жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбайт жана колдоо көрсөтүлбөйт. Өспүрүмдөрдүн жана жаштардын арасында баңгичиликтин жана жаштар катышкан кылмыштардын саны өсүүдө. Мугалимдер жана тарбиячыларга мамлекеттин мамилесинен жана эмгек акынын аздыгынан улам алар жөнөкөй маалымат таратуу менен алек болуп калышкан. Голда Мейрдин

Эгерде сиздер күчтүү мамлекетке ээ болгуңуз келсе, анда сизде эң көп маяна алган үч кесип болушу керек - доктур, аскер адамы жана мугалим - деп айткандары эсиңиздеби?

Биздин партиянын программасында билим берүү тармагын реформалоо жана маданияттын жалпы деңгээлин өнүктүрүүгө олуттуу көңүл бурулган. Жогоруда белгилеп өткөндөй, менин бул багыттагы демилгелерим жалпы партиянын программасына шайкеш келет.


Менин тажрыйбам, балдарды жана өспүрүмдөрдү тарбиялоодо практикадан алган билимим ушул жерде колдонулушу мүмкүн.

Бирок бизге мыйзам чыгаруу бийлигинин колдоосу менен мамлекеттик деңгээлде жаштарга патриоттук тарбия берүү программасы керек. Моделди биздин өткөн тарыхтан алууга болот: октябрчылар, пионерлер. Башкача айтканда, өз милдетин толук актаган балдар уюмдары же батыш өлкөлөрүнүн моделин - скаут кыймылын ылайыкташтыруу. Мыйзам чыгаруучу бийликтин колдоосу менен ал толук кандуу иштей алат.


Эгерде мамлекет жетиштүү көңүл бурса, жогорку деңгээлдеги кесипкөй педагогдордун жетишсиздигин дагы толтурса болот. 

Керектөөчүлөрдүн эмес, өлкөдөн чыгып кетүүнү көздөбөгөн чыныгы патриотторду тарбиялоо керек. Эмне үчүн калып жатышканын, эмне үчүн тарыхын сактап жатышкандыгын билүү үчүн алар өз өлкөсүн сүйүшү керек жана маданий мурастарын, бул жердин тарыхын билиши керек. Билесизби, мындай дени сак жарандык партиотизмди балдарда тарбиялоо керек. Менин оюмча, биздин өлкөнүн бардык ата-энелери мени түшүнүп, колдошот.
Менин демилгелерим аркылуу жогорудагы көйгөйлөрдү чечүүгө болот. Мен бул үчүн колдон келгендин бардыгын жасайм.

Аткаруучу: "ПроМедиа Плюс" КФ, Бишкек ш., Токтогул көч., 90а. Буюртмачы: “Кыргызстан” саясий партиясы. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж)

Жарыяланган күнү: 25-сентябрь, 2020-жыл. Нускасы: 1 даана.



Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт