// //

18ге чыга элекмин, боюмда бар, учетко турууда кыйынчылыктар жаралбайбы?

2020.09.25, 10:15
1743

Саламатсызбы. Менин боюмда бар, жашым 17де. 2021-жылдын январь айында 18ге чыгам. Поликлиникага учетко тураарда жашы жете элек деп кыйынчылыктар жаралат, милицияга берет, деп жатышат. Эмне кылам?

Турмушка өзүм макул болуп чыккам.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.09.2020, 10:16

Нургазы Абдувалиев

“Академик” юридикалык компаниясынын директору, юрист

Саламатчылык. Ооба, жашы жете элек өспүрүм кыз кош бойлуулук боюнча учетко турганда кандайдыр бир кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн.

Мыйзам боюнча дарыгерлер 16 жашка чейинки жашы жете электерге жардам бергенде, бейтаптын макулдугусуз алгачкы иликтөөгө, тергөө же прокуратура орагына билдирүүгө милдеттүү.

Сиз 17 жашка чыгыптырсыз, демек сиздин макулдугуңуз жок бул маалыматты билдирбей коюууга акысы бар.

Кандай болгон күндө да, эмне болот, деп убайым тартпай, тезинен поликлиникага кайрылыңыз. Сизди милдеттүү түрдө учетко алышат.

Өз учурунда кайрылбоо өзүңүздүн да, келечекте төрөло турган ымыркайдын да ден соолугу жана өмүрү үчүн кооптуу экенин унутпаңыз.

Аман-эсен көз жарып алыңыз.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Юрист Нургазы Абдувалиев менен инстаграмдагы @academic.kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт