Эмне үчүн корголгон жыныстык катнаш ар бир адам үчүн маанилүү?
Өз ден соолугуңду сактоо жана коопсуздугуңду камсыздоо ар бир адамдын жеке жоопкерчилиги. Жыныстык катнаш аркылуу жугуучу инфекциялардан
(ЖКАЖИ) жугузуп алуу үчүн бир эле жолу корголбогон секс жетиштүү.
Корголгон жыныстык катнаш силердин мамилеңерге ишеним берет жана жакындыктан ырахат алууга шарт түзөт. Анткени, бойго бүтүп калат же инфекциялык оору жугузуп алам деп кабаатыр болбойсуз.
Коопсуздук – биринчи орунда
Эгер өнөктөшүңүз менен секс тууралуу сүйлөшкөндөн тартынып жатсаңыз, алгач коргоо каражаттары жөнүндө сөз баштаңыз. Сиз үчүн бул маанилүү экенин билдирип, өз оюңузду каалооңузду билдириңиз. Өнөктөшүңүздүн да пикирин сураңыз. Эсиңизде болсун, коопсуздук – биринчи орунда.
Коргонуу – демек ар дайым өзүңө ишенимдүү жүрүү
Ар дайым өзүңүздүн коопсуздугуңузду коргоңуз. Мамиле жаңыдан башталганда да, тааныш болгонуңарга көп убакыт өтсө да. Өнөктөшүңүз, ишенимдүү, жакшы адам көрүнүшү мүмкүн. Бирок сактыкта кордук жок. Адамдын сырткы келбетинен жана жүрүм-турумунан ВИЧ оорусунан же ЖКАЖИ менен жабыркаганын аныктоого болбойт.
Презерватив колдонуңуз
Эң туурасы, жөнөкөйү жана жеткиликтүүсү – бул презерватив. Презерватив үч тараптуу коргонууну камсыздайт. Ал сизди жана өнөктөшүңүздү
- ВИЧтен;
- Жыныстык катнаш аркылуу жугуучу инфекциядан
- планга кирбеген кош бойлуулуктан сактайт.
Презерватив ишенимдүү коргонуу
Өнөктөшүңүз “менде ВИЧ жок, жыныстык оорулар менен оорубайм” деп айтканын чындык катары кабыл алган болбойт. Ал өзү да ооруп жатканын билбеши мүмкүн. Өнөктөшүңүз тест тапшырып, анализдери “инфекция жок” деп чыккандан кийин гана ишенсеңиз болот.
Презервативди ар дайым жана туура колдонуу зарыл
Презерватив ишенимдүү каражат болуп саналат эгер сиз аны ар дайым жана туура колдонсоңуз. Туш келген учурда, бирде колдонуп, бирде унутуп койгон болбойт.
Презерватив жыныстык жашоого шаң кошот
Учурда презервативдин түрлөру көп. Жагымдуу жыттанган, ар кандай түстө, түрдүү өлчөмдө, эркек жана аялдар үчүн деп бөлүнөт. Презерватив жонүдө сүйлөшкүлө, тамашалашкыла, аны кийүүнү эротикалык оюнга айландыргыла.
Презерватив ар дайым жеткиликтүү
Презерватив көпчүлүк дарыканаларда жеткиликтүү баада сатылат. Аны колдонбой коюп жыныстык катнаш аркылуу жугуучу оорулардан жана анын кесепитенен дарыланып, убакыт, каражат жана ден соолук короткондон көрө, презерватив алып койгон алда канча ыңгайлуу.
Эсиңизде болсун!
- Көчөдө, базарда, киосктордо сатылган презервативдер менен колдонгон болбойт.
- Сатып алганда сөзсүз жарамдуулук мөөнөтүн жана та нгактын герметикалуу болуусуна көңүл буруңуз.
- Презервативди шымдын чөнтөгүндө же сумкада сактаган болбойт. Андан көрө шкафтын тартмасына салып койгон оң.