// //

Күйөөм мурунку сүйгөнүнөн өч алуу үчүн аны менен сүйлөшөм дейт

2020.09.16, 13:05
1455

Турмушка чыкканыма алты жыл болду. Күйөөм менен сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Башынан эле телефонума тийишпе дей берет болчу. Жарым жылдан кийин тойго телефонун унутуп кетип калыптыр, чукулап карасам бир кыздын 30дан ашык сүрөтү бар экен. Менин бир да сүрөтүм жок. Кээде жазышып турушат экен.

Күйөөм келгенде уруштук, актанган да жок. Унчукпай жүрүп кутулду. Андан кийин бир канча убакыт сүйлөшпөй калышкан, эми кайра табышып алышыптыр. Ал кыз турмушка чыккан, баласы бар. Ага “сени издейм, көргүм келет” деп жазат экен.

Кайра уруш чыгарсам, мен аны күйөөсү менен ажыраштырып бактысыз болушун каалайм дейт. Мурда жуучу болуп барышса кызды бербей койгон экен, ошондон бери күйөөмдүн өчү бар имиш.

Күйөөм өзү жакшы адам, мен аны аябай сүйүп турмушка чыккам. Бирок мындай кылгандары мага катуу тийди. Ал чынында эле аны сүйөбү? Же жөн эле актанып айтып жатабы? Сураныч, жооп алып бериңизчи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.09.2020, 13:11

Жылдыз Асаева

Психолог

Саламатчылык. Аялы менен күйөөнүн ортосунда психологиялык байланыш басаңдаганда, ортодо боштук пайда болот. Ошол учурда четтен башка мамиле келип чыгат. Психологиялык дистанция бала төрөлгөндөн, үй-бүлөнү финансылык көйгөйлөр кыйнагандан, кайын журт менен татаал жана узакка созулган карым-катнаш түзүлгөндөн улам жаралат.

Күйөөңүздү жаман же жакшы адам деп баа берген болбойт. Болгону экөөңөрдүн ортоңордо экөөңөр гана чече ала турган көйгөй бар, дегенди билдирет.

Жаралган маселени чечүү үчүн эки тараптын тең аракети болууга тийиш. Ар бириңер үй-бүлөнү сактап калууга, жана өзүңөрдүн үстүнөн иштөөго даяр болушуңар керек.

Алгач, жайдары отуруп сүйлөшүүгө аракет кылып көргүлө. Психологияда мындай түшүнүк бар, бир нерсени айтаарда адамга баа берип, аны күнөөлөп, ага нааразы болуп эмес, өзүңөр жөнүндө билдиргиле.

Бул кырдаал сизге кандай таасир этип жатат, сизде кандай сезимдер жаралууда, сиз андан эмнелерди күтөсүз, башкача айтканда  “мен+билдирүү”.

Эсиңизде болсун, үй-бүлө эки тараптын 100% аракети менен курулат. Сиз өзүңуздүн 50% салымыңызды кошууга даярсызбы? Күйөөңүзчү?

Ийгилик!

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Психолог Жылдыз Асаева менен инстаграмдагы @psyholog.osh баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт