// //

Күйөөмдү ойлондурганы менин төшөк маселесинде канбаганым. Эмне кылуу керек?

2020.09.15, 13:12
2054

Саламатсызбы. Үйлөгөнүбүзгө эки жыл болду, ортобузда бир балабыз бар. Күйөөмдү ойлондурганы менин төшөк маселесинде канбаганым. Бул эмне себептен болушу мүмкүн? Негизи аял киши да канабы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.09.2020, 13:13

Жылдыз Асаева

Психолог-сексолог

Саламатчылык. Сиздин сурооңуз өтө кыска, маалыматты абдан аз бергенсиз ошондуктан кандайдыр бир корутунду чыгарып кеңеш берүү кыйын болууда. Эмне үчүн суроону күйөөңүздүн атынан берип жатасыз? Аны көп ойлондурганы сиздин төшөктө канбай жаткандыгыңыз. Себебин ал өзү гана билет.

Ал эми өзүңүз эмне деп ойлойсуз? Жыныстык катнаштан ырахат албаганыңыз сиз үчүн нормалдуу элеби? Мындай көрүнүш сизге комфорттуубу?

Негизи аял киши да канабы? – деп суроо узаттыңыз. Ооба, аялда да эркектикиндей эле сексуалдык карым-катнашка муктаждык болот. Бул курсак ачкандай, суусагандай эле мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Эгер сиз бир да жолу ырахат албасаңыз жана мындай абал сиз үчүн психологиялык, физиологиялык жактан ыңгайлуу болсо, бул суроону күйөөңүздү ойлондурганы үчүн гана берип жатсаңыз, анда эч кандай көйгөй жок. Ага “кыжалат болбо, мен үчүн бардыгы жайында” деп түшүндүрүп айтсаңыз маселе чечилет.

Ал эми бул суроо сизди да ойлондурса, кыжаалат кылса, эки жылдан бери сексуалдык муктаждыгыңыз канбай жатса, анда себептерин аныктап, маселени чечүү үчүн тиешелүү адиске (сексолог, сексопатолог, гинеколог, уролог, эндокринолог) кайрылууну сунуштайм.  

Ийгилик!

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Психолог Жылдыз Асаева менен инстаграмдагы @psyholog.osh баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт