Ангинадан жабыркап келем, такыр алдырып салса болобу? Отоларинголог жооп берет
Саламатсызбы. Мен кичине кезимен бери эле ангина болуп ооруй берем, азыр да ооруп жатам. Ангинаны кандай кылып дарылоо керек? Такыр эле алып салса болобу? Жооп алып бересизби?
Владимир Пак
Отоларинголог
Саламатчылык. Көпчүлүк учурда жөн эле тамактын оорусун, медицина тилинде айтканда - фарингитти ангина менен адаштыра беришет.
Өнөкөт тонзилиттин темасы көп кырдуу. Тамак бездерин (миндалины) алдыруу үчүн атайын көсөтмөлөр керек, бул процедура – тонзиллэктомия деп аталат.
Тонзиллэктомия жасатууга көрсөтмөлөр:
- бир жылдын ичинде ангина 7 ирет кармады;
- же 2-3 жыл катары менен 5 жолудан кем эмес ангина кармады;
- аялдарда бир жылдын ичинде 3 ирет 3 жыл катары менен;
- паратонзиллярдык абсцеесс;
- жүрөк кемтиги же гломерулонефрит түрүндө же ревматиттик оору түрүндө өтүшүп кетүүсү.
Бирок! ангинанын ар бир эпизоду Мак-Айзектин шкаласындагы критерийге ылайык каралышы керек. Ошондуктан алгач лорго көрүнүп консультация алып көрүңүз.
Ден соолук каалайм.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.
Владимир Пак менен инстаграмдагы @Vladimir_md баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.