Кантип өбүшүү керек? Негизги эрежелер
Сүйүүсүз өбүшүү - жөн гана шилекей алмашуу.
Мэрилин Монро
Өбүшүүнүн негизги эрежелери.
Шашпа
Өбүшүп жатканда шашпа. Алгач өнөктөшүңдүн ийнине колуңду кой, кучакта, колунан карма. Ошол эле учурда каршы болгон жокпу, реакциясын байка.
Кошумча сезимдерди жандыр
Ниетиңди көрсөтүү үчүн көзүн карап, жүзүн, чачын сыла, бетинен өп. Жөн гана “Мен сени өпкүм келип жатат”, - деп айтсаң да болот.
Жыт
Демиң таза болушу керек. Атырды чеги менен себин.
Тыныгуу ал
Шашылба, тыныгуу ал, акырындык менен эриндерине жакында.
Дене тили
Өбүшүүдө өнөктөшүң жакын ыктаса жагып жатат, эптеп-септеп өбүшсө, бир нерсени өзгөртүү керек.
Нымдуу эриндер
Эриндер бир аз эле нымдуу болушу керек. Шилекейдин көп болгону жагымсыз сезимдерди пайда кылат.
Бош бол
Өбүшүп жатканда эриндериңди өтө кыспа, өзүңдү бош кармап учурдан ырахат ал.
Бальзам
Бальзам сүйкөп алсаң, эриндериң жумшара түшөт.
Засос
Засос калтыруу эбак эле модадан чыккан.
Тил
Тилиңди көзөмөлдө. Биринчи өбүшүүдө аны активдүү колдонуунун кереги жок.