Полип алдыргандан кийин канча убакытта кошулууга уруксат берилет?
Гинекологдон кеңеш сурайм. Полип алдырганыма 1 ай 10 күн болду. Күйөөм менен кошулдук эле, андан кийин бир аз кан келип калыптыр. Бул эмне болушу мүмкүн? Же этек кирим келдиби? Коркунучу жокпу? Негизи эле полипти алдыргандан кийин канча убакыттан кийин кошулууга уруксат берилет?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы. Сизде этек кири келе баштаган болушу мүмкүн. Полип алдыргандан кийин, жүргүзүлгөн процедуранын канчалык деңгээлде эффективдүү болгонун текшерүү үчүн кайрадан УЗИге түшүү зарыл.
Полипти алдыргандан кийин бир жума прокладка булганбаса, такыр кан келбесе, жыныстык катнашка бара берүүгө уруксат берилет.
Ден соолукта болуңуз.
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка