Боюмда бар, чайдын чамасын жегим келе берет, зыян эмеспи? Гинеколог жооп берет
Саламатсызбы. Азыр 35 жумалык боюмда бар. Мен чайдын чамасын жегим келе берет, зыян эмеспи? Канча дары ичпейин каным аз болуп чыгып жатат. Ошондон улам эмеспи?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Анемия тамакка жана даамга болгон табитти өзгөртүп, адамдын кызыктай, адатта желбей турган нерселерди татып көрүүсүнө түрткү болот. Мисалы бор, топурак, кагаз ж.б.
Чай, өзгөчө кызыл кылып демделгени, организмдин темир элементин сиңирүүсүнө тоскоолдук жаратат. Эгер кош бойлуу айымдын гемоглобини көтөрүлбөй жатса, инъекция түрүндө темир жазып беребиз.
Аман-эсен көз жарып алыңыз.
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?
Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет