Жолдошум курулушта иштейт. Үч балабызга кантип жөлөкпул алсак болот?
Саламатсызбы! Жолдошум курулушта иштейт, мен үйдө үч кичинекей балдарым менен отурам. Аларга кантип жөлөкпул алсам болот? Бишкекте батирде турабыз, айылдагы үйдө эч ким жашабайт. Кайсы жакка кайрылсам болот?
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн кызматкери
Саламатсызбы! Бүгүнкү күндө каттоосу башка жерде экенине карабастан туруп жөлөкпул факт жүзүндө жашаган жери боюнча чектелет.
“Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөкпулу аз камсыз болгон, 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдүн балдарына берилет.
“Үй –бүлөгө көмөк” жөлөкпулун чектөөдө айлык акы, ишкердик кылуудан, мал жандыктарынан, жер үлүшүнөн жана короо жанындагы участоктон алынган кирешелер эске алынат.
Күйөөңүз курулушта иштесе, айлык маянасы жөнүндө маалымкатты көрсөтүшү керек. Эгер балдарыңыз үч жашка чыга элек болсо жана иштебей үйдө отурсаңыз, эч кандай маалымкат талап кылынбайт. Ал эми үч жаштан жогору болсо, жумушсуздук боюнча каттоого турушуңуз керек.
Кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990 603 030 WhatsApp номерине жазыңыз.