Эжем кетем дебесе карт бойдок болуп жүрө бермекмин
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет тартынчак жигиттин баянын жарыялайбыз. Эскертүү, каармандардын аты өзгөртүлдү.
Кудум “Боз салкын” тасмасындагы Сагын менен Анарадай болгонбуз
Эх, коронавирус, коронавирус... Бирде жек көрөм, кайра туруп ыраазы болуп кетем. Кыскасы көп адамдын көзүн ачтың.
Тартынчаак жигитмин. Кыздарга сүйлөгөндү бери кой, жазганда кызарып кетчүмүн. Эжеме абдан ыраазымын. Кетем деп шаштырбаса, сүйгөнүмө сунуш киргизе албай жүрө бермекмин.
Жаканы бешинчи класстан бери жактырам. Ой, чиркин, ой! Ал үчүн далай уйкусуз түндөрдү өткөрдүм го. Элестеткиле, беш жылдан кийин, тактап айтканда 10-класста сүйөрүмдү араң айттым.
Кудум “Боз салкын” тасмасындагы Сагын менен Анарадай болгонбуз. Жаңы-жылдык кечеден кийин үйүнө узатып бараткам.
- Сага бир нерсе айтайын дегем...
- Эмнени?
- Унутуп калдым, анан айтам...
Унутпай эле, көчөнүн башынан Садыр байке келатканын көрүп калгам.
- Эстедим.
- Айт анда.
- Анан.
Үйүнө жеттик. Эшигин ачып кирип баратканда, “мен сени сүйөм” деп туруп чуркап кеттим. Жообун уккандан корктум. Эртеси мектепке барбай койдум. Үйүмө өзү келди.
Сүйөм дегенден үйлөнүү сунушун киргизүү кыйын экен. Университетти бүттүк. Экөөбүз тең иштеп баштадык. Шакек чөнтөгүмдө жүрө берип, кутусу эскирип калды. Ар бир жолугушууга чыгынып барам, аны көрөрүм менен кислородум буулуп калат. Себеби ушунчалык сүйөм дейсиңер!
Капыстан карантин башталып, рейстер жабылып кирди. Эжем күйөөсү, балдары болуп чет өлкөдө жашайт. Жаңы эле учуп келген, үй-бүлөмдөн алыс калып калбайын деп кайра билет алганга аргасыз болду. "Эрнис, бул оору узак болот окшойт. Азыр учуп кетсем, кайра көптөн кийин келем. Жалгыз инимдин үйлөнүү тоюн көрүп алсам дейм."
Чындап эле эжем кетсе көптөн кийин келери анык. Анын үстүнө ата-энем дагы карып калды. Ооруп калсак, эмне болорун ким билет. Келинин көрүп калышсын дедим.
Ошол эле күнү Жаканын жумушуна бардым. Сырты эскирген кутуну алып чыгып, “жубайым болчу” дедим. Бир жумадан кийин эжемди келини экөөбүз узатып келдик.