// //

Мен абдан көп түш көрөм, ошондон аябай кыйналып кеттим, эмне кылсам болот?

2020.09.03, 09:42
1583

Саламатсызбы. Мен абдан көп түш көрөм, өзгөчө акыркы 2-3 жылдан бери. Кээде өңүмдбү же түшүмбү деп ажырата албай калчу болдум. Кичине үргүлөп уктап кетсем да түш кирет. Ойгонгондо эс албай эле чарчап ойгоном. Кыйналып кеттим, эмне кылсам болот?

Өзүм көп ойлоном, алаксыганга аракет кылам, такыр болбойт. Балким ошогобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.09.2020, 09:43

Лилия Мухтарова

Клиникалык психолог, дефектолог

Саламатчылык. Негизи түш көрүү бул норма болуп эсептелинет. Түш адамды чарчатпайт, жана анын психологиясына, ден соолугуна эч кандай таасирин тийгизбейт. Көпчүлүк учурда адам көргөн түшүн унутуп коет.

Бирок, сиз кыйналып кеттим деп жазып жатасыз. Демек, сизде кандайдыр бир көйгөй бар. Бул бала кезде же кийин алган психологиялык травма болушу мүмкүн. Сиз өзүнүзгө кандайдыр бир сезимдерди баштан кечирүүгө тыюу салып койгонсуз, эмоциялар сыртка чыкпай калган, а балким, катуу коркуп калгансыз. Өзүңүздүн коркуу сезимиңизди эч кимге айткан эмессиз. Буларга чарчоо, физикалык жактан алсыздануу да кошулган. Айтор, себептери түрдүү болушу мүмкүн.  

Мен сизге эки жолун сунуштай алам:

  1. Медикаментоздук. Анда дарынын күчү менен уйкуңуз катураак, тынч болот. Бирок бул убактылуу эффект гана берет. Препаратты колдонуп бүтөөрүңүз менен мурунку көйгөйлөр кайтып келет.
  2. Психолог менен иштөө. Бул варианты көбүрөөк убакытты талап кылат. Бирок адискөй психолог тынчыңызды алган көйгөйдүн тамырын таап ошону жок кылууга аракет кылат. Мында жалаң эле адистин эмес, сиздин да аракетиңиз керек болот.

Ден соолукта болуңуз!

Лилия Мухтарова менен инстаграмдагы @liliya_defectolog_bishkek баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт