// //

Күйөөм экөөбүз тең ысык укол алсак боюма бүтөбү? Гинеколог жооп берет

2020.09.02, 10:28
5955

Саламатсызбы. Төрөгөнүмө төрт жыл болду. Ошондон бери боюма бүтпөй, көрүнбөгөн жерим калган жок. Сизден кеңеш алайын дегем, күйөөм экөөбүз тең ысык укол алсак, боюмда болобу? Анализим “гормональное нарушение” деп чыгып жатат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.09.2020, 10:29

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Эгер төрт жылдан бери бойго бүтүрө албай жатсаңыз, демек олутуу себептер бар. Адатта, буга сиз айткан гормоналдык бузулуулар же трубно-перинаталдык фактор, башкача айтканда спайка прецесси себепкер болушу мүмкүн.

Тилекке каршы, мындай абалда ысык уколдун эч кандай таасири болбойт. Алгач себебин жок кылуу керек. Аны жокко чыгармайынча бойго бүтпөйт.

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:

Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?

УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?

Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?

Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?

Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт