Боюмда бар, жыныс кыным кычышып жатат. Себеби эмне болушу мүмкүн?
Саламатсызбы. Менин сегиз айлык боюмда бар. Жеке гигиенамды жакшы сактайм, күндө жуунуп, ич кийимимди алмаштырам. Ошого карабай жыныс кыным кычыша берет. Же кош бойлуу болгондо ушундай боло береби?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Бул молочница болушу мүмкүн, себеби көпчүлүкк кош бойлуу келиндер андан убара тартып келишет. Бирок, көрбөй туруп диагноз коюу мүмкүн эмес. Кычышуунун башка да себептери болот, аны доктур көргөндө жана анализдердин негизинде гана так аныктайт. Антыктан гинекологго кайрылууну сунуштайм.
Аман-эсен көз жарып алыңыз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?
Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет