// //

Күнөө экенин билип туруп ала жипти аттадым. Эмне кылсам болот?

2020.08.27, 14:47
3230

Билип туруп зына кылдым. Азгырыктарга туруштук бере албай калдым. Азыр аябай өкүнүп жатам. Күнөөмдү кантип кетирсем болот? Бул карызымдын кантип кутулам? Уктай албай жаман болуп жатам.

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.08.2020, 14:51

Кадыр Маликов

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары, теолог

Исламга ылайык ойноштук кылуу, анын үстүнө билип туруп бул ишке баруу чоң күнөө болуп эсептелет. Бирок, исламда "тобо", тактап айтканда чын жүрөгүңдөн өкүнүү деген түшүнүк бар.

Ар бир адам күнөөкөр, жашоосунда билип же билбестиктен чоң же кичине күнөөлөрдү кетирет. Ошон үчүн, кудай бизди өзүнө жакындатып, ага тобо кылып турушубуз үчүн ката кетире турган кылып жараткан.

Куранда дагы Алла Таала тобо кылууга чакырат. Тобо кылуунун атайын шарттары бар. Биринчиден, экинчи ал күнөөнү кайталабайм деп катуу ниет коюу. Экинчиден, чын жүрөгүңдөн кылган ишиңе өкүнүү. Эгер адам күнөө кылып, кийин ага өкүнсө, бул кечирилүүгө биринчи кадам болуп эсептелет. 

Адам тобо кылгандан кийин, жашоосунун кайрадан башташы керек. Тактап айтканда, кудай анын бул күнөөсүн кечирди деп катуу ниет кылуу менен оңолуу. Анткени, Алла Таала баарынан кечиримдүү. 

Күнөөнүн бул түрү уят, аны бекитип, авратыңды жабышың керек. Эч кимге, жадакалса жакындарыңа айтып мактанбаш керек. Эгер адам бул нерсени кылса, кудай жашырып койгон күнөөсүн өз колу менен кайра ачат. Ошон үчүн сиз менен кудайдын башка эч ким билбесин.

Андан кийин, экинчи күнөө кылбай, оңолууга аракет жасаңыз. Намаз окуңуз, себеби намаз күнөө кылуудан, жаман жолдордон сактайт. Өзүңүздүн үстүңүздө иштөөгө аракет кылыңыз. Баары ниетиңизден жана аракетиңизден көз каранды. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт