Эмизем, этек кирим келе элек, боюма бүтүшү мүмкүнбү? Гинеколог жооп берет
Саламатсызбы. Менин суроом бар эле: бала эмизем, этек кирим келе элек, боюма бүтүшү мүмкүнбү?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Ооба, мүмкүн. Өзгөчө, төрөттөн кийин алты ай өткөндө бойго бүтүп калуу кокустугу жогору, анткени аялдын организминде овулятордук циклдер башталып калган болот.
Эгер удаасы менен төрөө сиздин планга кирбесе, контрацепция жөнүндө алдын ала ойлонуп, тиешелүү чараларды көрүңүз.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?
Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет