// //

Коронавирус менен ооруп айыксаң дагы, башкаларга жугуза бересиңби?

2020.08.26, 12:46
991

"Профилактикалык медицина" республикалык илимий-практикалык борборунун врач-эпидемиологу Алексей Кравцов коронавирус менен ооруп айыккан адам ооруй электер үчүн кооптуу болушу мүмкүнбү деген суроого жооп берди.

"Коронавирус менен ооруп айыккандарда иммунитет пайда болот"

COVID-19 менен ооруп айыккан адамда антителолор бар болсо, ал вирусту алып жүрүүчү болуп эсептелбейт. Анткени, анын организминде вируска каршы иммунитет бар. Бирок канындагы антителолордун көлөмү азайып, иммундук системасы патогенге жооп бербей калса, кайрадан ооруп калышы мүмкүн.

Инфекциянын клиникалык өтүшүнүн белгилүү бир мезгилинде, ал башкалар үчүн коркунуч туудурат.

Коронавирус менен ооруп айыккандарда иммунитет пайда болорун көптөгөн илимий изилдөөлөр тастыктады. Демек, бул вирус мутация болбосо жана антигендик структурасын өзгөртпөсө, кайрадан вирус жугузуп алуу коркунучу пайда болгондо, организм вирусту таанып, аны менен күрөшө алат. Эгер COVID-19дун жаңы түрү болсо, иммунитет күрөшө албай калат, жыйынтыгында бейтап ооруга кайрадан чалдыгышы ыктымал.

Бул маалымат kaktus.media сайтынан алынды.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Коронавирус тууралуу дагы бул жерден окусаңыз болот:

Учурдагы оору курч респиратордук вирустук инфекция эмес, бул коронавирус

Коронавирус: профилактика, симптомдору, дарылоо жолдору 

Коронавирус аныкталса, бирок өзүңүздү жакшы сезип жатсаңыз, демек бул...

Ичимдик ичүү коронавирустан сактайбы? COVID-19 врусу тууралуу миф

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт