Бир молдо шайлоого барып, партияларга добуш берүү күнөө деди. Ушул чынбы?
Саламатсызбы! Парламенттик шайлоодо партияларга добуш берсе динде күнөө эмеспи? Бир молдо "аларга каршы добуш бериш керек, мыйзам чыгаруу бир гана кудайга таандык",-деп жатат.
Кадыр Маликов
Теолог
Мыйзам чыгаруу менен куранды салыштырып болбойт, бул эки башка нерсе. Биз өз мыйзамы бар светтик өлкөдө жашайбыз. Ошон үчүн ар бир мусулман, жашап жаткан өлкөсүнүн мыйзамдарына баш ийет. Кыргызстанда гана эмес, бардык жакта ушундай: Өзбекстандагы мусулмандар, Иорданиядагы мусулмандар, Сауд Арабиядагы мусулмандар ж.б ушинтип жашайт. Бул мамлекеттерде мыйзамдар толугу менен шарияттагы эмес, светтик мыйзамдар. Демек, бардык мусулмандар коомдогу мамилелерди жөндөгүч (регулятор) катары тийиштүү мыйзамдарга баш ийишет.
Мусулман биринчи кезекте куранга ишенет, куран анын конститутциясы. Бирок, бул башка мыйзамдарды кабыл албаш керек дегендик эмес. Биз ал мыйзамдар менен жашоого мажбурбуз. Андыктан, учурдагы жашап жаткан өлкөбүздүн конститутциясын жана мыйзамдарын коомдогу мамилелерди жөндөп жаткан эреже катары кабыл алышыбыз керек. Мисалы, жол эрежелерин айталы, жашыл түстөн өтөбүз, кызылда күтөбүз деп кабыл алдык, ошону менен жашап жатабыз.
Бул жерде суроо мыйзамдын өзүндө эмес, мыйзам менен болгон мамилеге тиешелүү. Эч ким мусулмандарды курандан баш тартып, светтик мыйзамдарга баш ийүүнү талап кылган жок. Экөө эки башка, курандын автору кудай, мыйзамдыкы адам, муну эч ким жокко чыгарбайт. Адамдар жараткан мыйзамдар жөн гана коомдогу мамилерди жөндөгүч, жол эрежелери сыяктуу эле хаос болбош үчүн керек.
Шайлоо участокторуна баруу боюнча, биз жаран катары барбасак, добушубузду уурдашат, өз кызыкчылыктарына пайдаланышат. Мунун баары зыян болот. Ислам эрежелери боюнча эки жамандыктын эң аз зыян тийгизе турганы тандалат. Андыктан барып добуш берүү керек. Ал эми кантип жана кимге добуш бересиз бул сиздин жеке ишиңиз.
Бийлик башчылар Кудай тарабынан коюлган аларга баш ийгиле. Бийлик башчылары азгырыка азгырылып кетпеши учун сыйынгыла деп Ыйык Жазууда жазылган. Туура мыйзамды бир Кудай чыгарган бирок адамды колдонуп чыгарганда. Мисалы Тоорат китебинде Муса аркылуу жаздырган. Ошондуктан шайлоого эч нерседен шек санабастан барса болот. Мамлекетке пайдасы тийгенди шайлоо акча бергенди эмес