// //

Балага үй тапшырмасын өз алдынча аткарууга үйрөтөбүз. Мугалимден кеңеш

2020.08.24, 17:18
1924

Окуу жылы башталганга саналуу гана күндөр калды. Көпчүлүк ата-энелер балдарынын дистанттык негизде окуй турганын гана эмес, үй тапшырмаларын өз алдынча кантип аткарууга үйрөтүү керектигин ойлонуп жатса керек.

Биз бул тууралуу атын атагысы келбеген башталгыч классынын мугалиминен сурадык.

Башталгыч класстын мугалими:

- Баланы үй тапшырмасын аткарууга биринчи класстан, ал тургай мектепке чейинки курактан баштап акырындык менен үйрөтүү керек. Сүрөт тартып же жазып жатса тоскоол болбоону сунуштайм. Бул учурда окуучу эркиндикти сезет. Башкача айтканда, тапшырманы өзү каалагандай жасай алаарын сезиши керек. Түшүнбөгөн же окуй албаган учурда, чоң кишинин кийлигишүүсү тапшырманын маңызын тактоо үчүн талап кылынат. Анткени ал бардык тамгаларды билбейт да.

Сабактарды аткаруу үчүн:

  • Ар дайым сабагын окуй турган орун болушу керек. Ал жер жарык жана ыңгайлуу болсун. Ошондой эле керектүү буюмдары сөзсүз болсун. Мисалы, калем, карандаш, учтагыч ж.б;
  • Алаксытуучу буюмдарды алып салыңыз. Эгер үйдө жаш балдар болсо, алар тоскоолдук жаратпагандай шарт түзүп бериңиз;
  • Туура убакытты тандаңыз. Мектептен кийин баланы дароо үй тапшырмасын аткарууга отургузган сунушталбайт. Эс алууга жана ойноп алуу үчүн тыныгуу бериңиз;
  • Сабак окуур алдында баланын курсагын тойгузуңуз, дааратканага да барып келсин.

Тапшырманы түшүнбөй же белгилүү бир темага байланыштуу кыйынчылыкка туш болгон учурда гана ата-энеси тапшырмаларды аткарууга жардам бериши керек. Байкеси, эжеси, иниси же сиңдисинин ордуна үй тапшырмасын аткарган жокпу, текшерип туруңуз. Сабакта ката кетиргендиги же түшүнбөгөндүгү үчүн урушпаңыз.

Ар бир бала кандайдыр бир кыйынчылыктарга туш болот. Бул нормалдуу көрүнүш.

Мындай учурда сөзсүз жардам бериңиз. Мугалим менен сүйлөшүп, тарбиячы жалдап же интернеттен түшүнбөй жаткан темасына кантип жардам берүү керектигин карап чыгыңыз. Терс баа бербеңиз, бул андагы комплекстердин пайда болуусуна түрткү болот. Бала ар дайым бардыгына жетишип же ар дайым жалаң бешке окууга милдетүү эмес.

Эсиңизде болсун, бала билим алуу үчүн мектепке барат. Ал бир нерсени билбей калса кечиримдүү болуңуз.

Жалпысынан үй тапшырма оор жана көп болбошу керек. Өткөн теманы кайталап туруу жетиштүү. Үй тапшырманын көптүгү баладагы окууга, мектепке болгон кызыгуусун жоготот.

Айрыкча, башталгыч класттын окуучуларына үй тапшырманын көп болгону туура эмес. Аларда ойногонго жана көңүл ачканга убакыт болуусу шарт. Бул курактагы оюндар жана көңүл ачуу, аларды акыл-эс жана физикалык жактан өнүктүрөт.

Маалымат kaktus.media сайтынан алынды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт