Күйөөмөн жети жылдан берки алиментти өндүртүп алсам болобу?
Саламатсызбы! Менин ажырашканыма жети жыл болду. Бир кыз, бир уулум бар. Күйөөм экөөбүз ажырашып жатканда, балдарым биринчи жана экинчи класста окушчу. Азыр кызым 9-классты, уулум 8-классты бүттү. Эмир алимент кестирсем болобу? Жети жылдан бери эч нерсе төлөбөй жүргөнүн толуктатып беришеби?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодексинин 85-беренесинин негизинде "Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү" деп көрсөтүлгөн. Демек, сиз балдарыңыздын атасынын балдар үчүн алимент алууга толук укуктуусуз.
Бирок, алимент сиз сотко арыз менен кайрылган күндөн баштап эсептелинет. Анткени жогорудагы Үй-бүлө Кодексинин 112-беренесинин 2-бөлүгүндө "Алимент сотко кайрылган учурдан тартып берилет" деп көрсөтүлгөн. Ушул эле 2-бөлүктө "Эгерде сотко кайрылганга чейин багууга каражат табуу чаралары көрүлгөнүнө карабастан, алимент төлөөгө милдеттүү болгон адам аны төлөп берүүдөн баш тартканынан улам алимент алынбай калгандыгы сот тарабынан аныкталса, сотко кайрылган учурдан тартып үч жылдык мөөнөттүн аралыгындагы өтүп кеткен мурдагы алимент төлөтүп алынышы мүмкүн" деп жазылган.
Өзүңүз жашаган аймактагы сотко алимент өндүрүү жөнүндө доо арыз менен кайрылып көрүңүз, бул берене иш жүзүндө кандай иштейт экен, мага белгисиз. Анткени көпчүлүк аялдар мындай доо арыз менен соттук териштирүүдө берки тарап менен соттошууну каалабй, сотко кайрылышпайт.