// //

Мурас калтыруунун жол-жоболору тууралуу юрист айтып берет

2020.08.17, 12:21
4751

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи Нурислам Раимжанов мурасты каттоо процесси тууралуу суроолорго жооп берди. Ошондой эле, кошумча суроолор пайда болгон учурда юристке кайрылып жана мурасты мамлекеттик нотариустарда гана каттоо керектигин эскерте кетти.

Мурас деген эмне?

Мурас – бул адам өзүнүн менчигиндеги мүлктү, эгер каза болуп кала турган болсо, ким аларын документ түрүндө билдирүүсү. Башкача айтканда, мурас – каза болгон адамдын мүлкүн бир же андан көп адам мурастап, андан ары аны пайдаланууга же сарптоого укук берет.

Мурасты ким калтыра алат?

18 жашка толгон жана акыл-эси, эс тутуму жайында болгон адам мурас калтыра алат.

Мурасты кимге калтырса болот?

Мыйзам боюнча жаран өзүнүн бардык мүлкүн же бир бөлүгүн, туугандарына же башка бирөөгө, кааласа бир нече адамга, ошондой эле юридикалык жактарга, мамлекеттик же жергиликтүү бийлик органдарына бере алат.

Мурасты кимдир бирөө аркылуу калтырса болобу?

Жок, болбойт. Мурасты адам өзү катташы керек, өкүлү аркылуу каттоого мыйзам тарабынан жол берилбейт.

Жакындарынын бирөөсүн мурастан ажыратып койсо болобу?

Мурас калтырып жаткан адам себебин түшүндүрбөстөн туруп, бир, бир нече же бардык мураскорлорду мурастан ажыратып кое алат. Бирок, мыйзам боюнча мураскорду мурастан ажыратуу, мураскордун укум-тукумуна жайылтылбайт. Тактап айтканда, эгер сиз балаңызды мурастан ажыратып койсоңуз, бул нерсе неберелериңизге тиешеси жок. Неберелериңиз мурасыңызга ээ боло алат.

Мураска эмне калтырса болот?

Мураска ар кандай мүлктү калтырса болот. Ал кыймылдуу жана кыймылсыз болушу мүмкүн.

Катталып калган мурасты кайра жокко чыгарса болобу?

Мурас калтырып жаткан адам каалаган убакта жана себебин түшүндүрбөстөн бирөөгө каттаган мурасын жокко чыгара алат.

Маалымат kaktus.media сайтынан алынды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт