3-топтогу майыптык боюнча айына 2700 сом алам. Бул сумма көбөйүшү мүмкүнбү?
Саламатсызбы! Мен 3-топтогу майыптык боюнча айына 2700 сом алам. Бул сумма өмүр бою өзгөрбөй кала береби же көбөйүшү мүмкүнбү? Эки балам бар, эч жерде иштебейм. Үй, машина, жер сыяктуу эч нерсебиз жок. Балдарыма жөлөкпул алаламбы?
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн кызматкери
Саламатсызбы! Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамына ылайык, мамлекеттик жөлөкпулдун дагы бир түрү - ай сайын берилүүчү "социалдык жөлөкпулу" деген бар.
Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пул - үй-бүлөнүн кирешесин эсепке албастан, пенсиялык камсыздоого укугу жок, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, жаш балдарга жана улгайган жарандарга берилет.
Сиз бала кезден баштап мүмкүнчүлүгү чектелгендиги боюнча жөлөкпул алат экенсиз. Анын бүгүнкү күндө өлчөмү: I, II жана III топко бөлүнөт: I топ – 4000, II – 3300, III топ – 2700 сом.
Социалдык жөлөкпулдун суммасы 2018-жылы отуз пайызга көбөйтүлгөн. Азырынча ушул гана суммада турат. Бирок, бул КРнын Эмгек жана социалдык министрлигинин негизги пландарынын бири, көбөйүп калса маалымат берилет.
“Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөкпулу аз камсыз болгон, 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдүн балдарына берилет. “Үй –бүлөгө көмөк” жөлөкпулун чектөөдө өзүңүз алып жаткан социалдык жөлөкпулуңуз киреше катары эске алынбайт.
Сиз кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990 603 030 WhatsApp номерине жазыңыз.