“Загиб матки” деген диагноз менен төрөсө болобу? Гинекологдун жообу
Саламатсызбы. Мага “загиб матки” деген диагноз коюлду. Мен кош бойлуу боло аламынбы? Эч кандай коркунуч жокпу?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Бул анатомиялык өзгөчөлүк. Көпчүлүк аялдарда жатын алдыга, табарсыкты көздөй ийилип турат. Айрымдардыкы артка, жоон ичегиге карап турат. Бул патология эмес, бирок жыныстык жашоодо ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн. Терең киргенде оорутат же дискомфорт алып келет. Мындайда өнөктөшүнүз менен бирге экөөңөргө тең ылайык келген поза тандоо зарыл.
Ал эми кош бойлуулукка жана төрөтко эч кандай тоскоолдук жаратпайт.
Ден соолукта болуңуз.
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка