Колледжди бүтүргөндөн кийин спецназга окууга тапшырса болобу?
2020.08.12, 10:54
1606
Менин иним бар. Быйыл 9-класстын базасы менен колледжге окууга киргени жатат, бирок, ал келечекте спецназ болууну каалайт.
Колледжди бүткөндөн кийин аскерге барып, спецназга тапшыра алабы? Же аттестат керек болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.08.2020, 11:02
Гүлзат Жарашева
Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын, пресс-кызматынын жетекчиси, полковник
Саламатчылык. Колледжди бүтүргөн соң аскерге барып, бир жылдык кызмат өтөгөндөн кийин спецназга контрактык негизде кирсе болот.
Колледжди бүтүргөндө диплом алат, ошол диплом окууга өтүү үчүн жарайт.
Иниңизге ийгилик каалайм!
Аскерде кызмат өтөө тууралуу дагы маалыматты бул жерден окусаңыз болот:
Азыркы учурда аскерге алып кетеби же жылдырылабы? Полковник жооп берет
0
Пайдалуу жооп