Кайын атам бизге берген жерин кайра алдап өзүнө өткөрүп алды
Саламатсызбы! Кайын атам бизге чоң атасынын калган жерди берген эле. Биз үй салдык, кызыл китептин да акчасын бердик. Үй бүткөндөн кийин кайын атам алдап өзүнүн атына өткөрүп алыптыр. Үйгө көбүрөөк менин акчам кеткен. Күйөөм көп ооруйт, балалуу боло албай жатабыз. Күйөөмдүн ден соолугунан коркуп жатам. Ал бир нерсе болсо, үй мага калабы?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Биринчи кезекте жолдошуңузга узун өмүр, ден соолук каалайм. Эгер жагдай сиз айткандай болуп, кокус күйөөңүздүн көзү өтүп кетсе, анын атында болгон мүлккө сиз гана мураскор боло аласыз. Ал эми кайын атаңыздын атындагы нерсеге сиз мураскор боло албайсыз, жолдошуңуз болот. Бул жагдай боюнча күйөөңүз менен сүйлөшүнүз, маселени тынч жана акылмандык менен чечүүгө аракет кылыңыз.
Сиздикине окшогон маселе боюнча көпчүлүк кайрылат. Ошондон улам элибиздин ичинде ушундай көйгөй көп экенин билем. Бул маселени чечүүгө бир канча көз караштарды өзгөртүү керек. Тактап айтканда, эки жаштын мүлкү өздөрүнө катталуусу керек. Бүгүнкү күндө бизде кандай: ажырашып кетишсе, келин мүлккө доо койбосун деген ой менен, күйөөнүн атасына же апасына катташат.
Эгер жолдошу каза болсо жесир аялга такай жардам берүү керек. Бирок учурда мындай аялдардын укуктары тебеленип, каза болгон күйөөсүнүн туугандары аны менен тууганчылык маамилени үзүп, душмандай эле мамиле кылышат. Эң өкүнүчтүүсү үйдөн кууп чыгышууда.