Чоң атамдын жерин жол кылабыз деп жатышат. Эмне кылсак болот?
Саламатсызбы! Биз чоң атамдан атама мураска калган жерде жашайбыз. Мындан 15 жыл мурун элдер биздин жердин жарымын айыл өкмөтүнө барып жол болот деп айыл өкмөтүнүн картасына киргизип коюшуптур. Бирок, кызыл китепте бул жөнүндө эч нерсе жок. Жердин аянты мурункудай эле. Жерди эркек бир туугандарым жок болгондуктан эжеме мураска калтырабыз дешет. Документтерди топтоп жердин аянтын ченегенде бул жер жол болуш керек экен деп жол чыгарып салышпайбы? Жерден жол чыгарбай кантип сактап калсак болот? Жол айылдын ичиндеги эле малдардын жайкы жайыттына салынмак. Элдердин жолго муктаждыгы деле жок.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Бүгүнкү күндө, колуңузда жеке менчикке болгон укугуңузду тастыктоочу документ бар болгондуктан (кызыл китеп), ал жер силердин жеке менчик мүлкүңөр болуп эсептелет. КРнын баш мыйзамы болгон Конститутциясына ылайык, эч ким жеке мүлкүнөн өз билемдик менен ажыратылбайт. Ошондой эле жеке менчикти өзгөртүү, мамлекеттин же элдин керегине алуу соттун чечими же сиз менен келишүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
Соттун чечими же сиз менен кандайдыр бир келишим жок болсо, кимдир бирөөнүн ал жерди алып коюусу мыйзамсыз болуп эсептелет. Алар мыйзамдын алдына жооп берип калат, картага кирген күндө дагы. Эгер картага кирип калыптыр деген жөн эле сөздү угуп жатсаңыз, жагдайды тактоо максатында, жашаган аймагыңыздагы мамлекттик каттоого кайрылып аныктаңыз. Эгер кирген болсо, кандай документтин негизинде кирди, суроолорду берип тактаңыз.