Гормондорумда өзгөрүү бар экен, төрөсөм болобу?
Үч жаштагы кызым бар. Экинчисин пландайын деп жаткам. Бирок анализ тапшырсам ЛГ (лютеинизирующий гормон) гормону көбөйүп кетиптир. Нормага келтирсе болобу? Коркунучтуу эмеспи?
Этек киримде дагы өзгөрүүлөр бар. Папиллома (ВПЧ) вирусун дарылаган соң, канча убакыттан кийин пландасам болот?
Айпери Соурбекова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы!
Албетте нормага келтирсе болот. Ал үчүн кыжалат болбоңуз. Биринчи эмнеден улам көтөрүлүп кеткенин билип, ошого жараша дарыланыш керек.
Кайсы учурларда көбөйүшү мүмкүн?
- Поликистикалык энелик синдром (СПКЯ) болсо,
- тестостерон, пролактин, ТТГ гормондору көбөйүп кетсе.
Кошумча УЗИден өтүп коюшуңузду сунуштайм.
Адамдын папиллома вирусун (ВПЧ) дарылап, ортодон 2-4 жума өткөндөн кийин кош бойлуулукту пландай берсеңиз болот.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Айпери Соурбекованы инстаграмдагы doctor_sourbekova_gynekologist баракчасынан тапсаңыз болот.