Кош бойлуу кезде Ипардын витаминин ичсе болобу? Гинекологдун жообу
Саламатсызбы. Мен кош бойлуумун, беш ай болуп калды. Ипардын витаминин ичсем болобу? Ден соолукка зыян эмеспи?
Раушан Джумагулова
“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог
Саламатчылык. Негизи, кош бойлууларга тиешелүү даарылардын бардыгы эл аралык сертификациядан өтүп, эл аралык талаптарга жооп берүүгө тийиш.
Ипар, Гербалайф ж.б. препараттарды биз жазып бербейбиз. Анткени алар биздин мамлекетке тамак ашка кошумча препараты (пищевые добавки) катары алынып келинет жана дарылык каражаттардын департаментинин текшерүүсүнөн өтпөйт.
Кандай препарат сатып алсаңар да, ар дайым Кыргызстандан өткөн сертификациясын талап кылгыла!
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог Раушан Джумагулованы инстаграмдагы @erkai_clinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка