// //

Апамды дүйнө кыдыруу эмес, эки торпок бактылуу кылмак экен

2020.07.31, 11:40
28159

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет апасын бактылуу кылгысы келген жаш жигиттин баянын жарыялайбыз. 

"Апам май чыгарган заводдо пол жууп иштейт"

Түн. Апам үлбүлдөгөн чырактын жарыгына камыр жууруп отурат. Карындашым менен иним эбак уйкуда. А мен апамды карап жатам.

Күн чыга электе жумушуна кетет. Түндө бутун араң сүйрөп келет. Чарчаганына карабай, “эртең курсагыңар ачып калбасын”,-деп, нан бышырат. Кирлерибизди жууп, мектеп формаларыбызды үтүктөйт.

Апам май чыгарган заводдо пол жууп иштейт. Классташтарым “Май барбы?” дешип, мени шылдыңдашат. Мен го көнүп калгам. Мектепке жаңы бара баштаган иним арданат. Кээде алы жетпесе дагы өзүнөн чоң балдар менен мушташып кетет.

Атам бизди таштап кеткен.

Тең туштарым сыяктуу “чоңойгондо врач болом же машина алам” дечү эмесмин. Апамды эс алдырып, дүйнө кыдыртам деген тилек менен бой жеттим.

Окуумду бүтүп эле Москвага кеттим: эшик шыпырдым, идиш жуудум, кирпич ташыдым, вокзалдарда, жер төлөөлөрдө уктадым, айтор, талыкпай эмгектендим. Акырындап акча топтоп, чакан бизнес баштадым. Бирөөгө баарына оңой жеткендей көрүнүшү мүмкүн. Бирок, андай эмес, түндө жаздык кучактап ыйлаган күндөрүм көп болду.

Европа өлкөлөрүн кыдырууга апам экөөбүзгө тур сатып алдым. Кымбат ресторандарга алып бардым, беш жылдыздуу мейманкаларда жаткырдым, укмуш көйнөктөрдү сатып бердим, кооз жерлерди көрсөтүп, самолетко, кемелерге түшүрдүм. Кетип баратканда "кой" дегенин укпай, чемоданына белек толтурдум.

Ичимден жымыңдап, өзүм менен сыймыктандым. 

Айыл. Саякаттан келген апам менен учурашканы туугандар чогулду. Кой союп, дасторкон жайдык. Апам ала келген белектерин таратты. Элдин көзүнчө бир мактанып коеюнчу деп, “апа, саякаттаган жактыбы”,-дедим. “Балам, акчаңды аябай чачтың, андан көрө эки торпок алып берип койсоң, эмки жылы уй болуп калмак.”

Көрсө мен апамдын эмес, өзүмдүн тилегимди орундатыпмын. Апама торпок алып берсем эле бактылуу болмок экен. “Апа, эмне каалайсыз?”,-деп бир ооз сурап койбогонума өкүндүм.  

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Чоң атамдын контракт төлөөгө шарты жок, "окутам" деген жигитке кыздыгымды бердим

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт