Кыздык белгиси туруп деле боюнда болуп калышы мүмкүнбү?
Саламатсызбы. Менин суроомо гинекологдон жооп алып бересизби? Кыздык белги туруп деле боюнда болуп калышы мүмкүнбү?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Бул абдан сейрек кездеше турган көрүнүш, бирок кыздык белги абдан чоюлчаак болсо, бойго бүтүп калуу коркунучу бар. Ошондой болгон күндө да кичинекей жаракалар, айрылып калган жерлер болот. Ошол аркылуу сперма өтүп, аялдын жумуртка клеткасын уруктандырышы мүмкүн.
Сиздин сурооңузга жооп бере алдым, деген ойдомун.
Ден соолугуңузга сак болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?