Жигитим мага көңүл бурбайт, “бошобой жатам” – деп кутулат. Психологдун кеңеши
Саламатсызбы. Жигитим мага көңүл бурбайт, өтө аз сүйлөшөбүз. Ар дайым “бошобой жатам” – деп кутулат.
Үй-бүлөсү менен тааныштырып койгон. Алар мыкты кишилер, мага жагат.
Көңүл бурбаганынан сүйлөшпөй койсомбу, деген ойлор пайда болот. Бирок кыя албайм.
Эмне кылсам?
Мария Самсонова
Психолог
Саламатчылык. Мамилелер бир эле калыпта болуп, сакталып калбайт. Мамиле динамикалуу, жана тынымсыз өзгөрүп турат.
Сүйүп калуу мезгили кыска эле. Бул учурда өнөктөштөр бири-бирине өзгөчө көп көңүл бөлүп турушат. Бирок бул этап акырындык менен ишенүү этабына өтөт. Ал кезде сүйүшкөндөр мамилелердин кризисинен ийгиликтүү өтүп, тынчып, көңүлү токпейил тартып калат. Бири-бирине эле эмес, жеке өзүнүн кызыгууларына, жумушуна, досторуна, башка иштерине да көңүл буруп, убакыт бөлө башаташат.
Ал эми жогоруда айтылган кризисти баштан кечирүү оор болуп жатса, өнөктөштөр бири-бирине нааразы болуп, ортодо конфликтер, таарынычтар жаралып, алар эки жолго түшүшу мүмкүн.
Көңүлдүн жетишсиздигин сезүүгө толук акыңыз бар. Бирок сиз жигитиңизден мага көбүрөөк көңүл бур, деп талап кыла албайсыз. Ал канча убактысын сизге бөлүүнү кааласа так ошончо бөлүп жатат. Андан көп анын колунан келбейт, же каалайбайт.
Эгер сиз үчүн мындай мамиле норма болсо, анда кыз-жигит болуп кала берсеңер болот.
Эгер жок, мен башкача болушун каалайм десеңиз, анда мамилени токтотуп койгонго укуктуусуз. Чечимди сиз гана кабыл аласыз.
Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жактан псхологдун башка кеңештерин окусаңыз болот:
Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?
Жигитим менден 11 жаш улуу. Жаш айрымачылыгыбызкийин көйгөй жаратпайбы?
Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Коркоктугумду кантип калтырам?
Күйөөм интернеттен кыздар менен сүйлөшө берет. Бул оорубу эмне?