Эки уюбуз бар, бирок времянкада жашайбыз. Балама жөлөкпул алаламбы?
Саламатсызбы! Менин балам бир жашта. Кайын энем менен кайын атам пенсия албайт. Жолдошум экөөбүз мамлекеттик жумушта иштебейбиз. Баарыбыз времянкада жашайбыз. Бирок эки уюбуз бар. Балама жөлөкпул алаламбы?
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн кызматкери
Саламатсызбы! “Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөкпулу аз камсыз болгон, 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдүн балдарына берилет.
“Үй –бүлөгө көмөк” жөлөкпулун чектөөдө айлык акы, ишкердик кылуудан, мал жандыктарынан, жер үлүшүнөн жана короо жанындагы участоктон алынган кирешелер эске алынат.
“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун чектөөдө чогуу жашаган карылардын пенсиясы киреше катары эсептелбейт.
Сиз жашаган жериңиз боюнча социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылсаңыз, ал жердеги адистер жөлөкпул аласызбы же жокпу эсептеп беришет.
Кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990 603 030 WhatsApp номерине жазыңыз.