Күйөөмдүн адвокаты үйүмө келип коркутуп кетти
Саламатсызбы! Жолдошум "ажырашам, ЗАГСты бер" деп жатат. ЗАГС менде болчу. Бир кызым бар. Күйөөмдүн адвокаты үйгө келип, кызымдан ажырап каларымды айтып коркутуп кетти. Адвокаттын мындай кылууга укугу барбы?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Адвокатынын кылганы туура эмес. Үйүңүзгө келип, кызыңыздан ажырап каларыңызды айтып коркутууга эч кимдин укугу жок. Ата-энени баладан ажыратуу бул соттун иши, соттук териштирүүдөн кийин болот. Энелик укуктан ажыратуу үчүн тийиштүү жагдайлар, далилдер болушу керек. Ажырашам деген үчүн эле коркутуу туура эмес. ЗАГСты ажырашууга берүүгө милдеттүү эмессиз. Күйөөңүз ажырашкысы келсе, ЗАГС жок эле сотко арыз менен кайрылса болот.