// //

Өзбекстандык таанышым кыргызстандык бир аялга берген акчасын алалбай жатат

2020.07.25, 10:00
1190

Саламатсызбы! Өзбекстандык таанышым, кыргызстандык бир аялга акча берип, кайра алалбай калган. Ошентип иши сотко чейин барат. Сот боло турганда карантин башталып, сот отуруму токтоп калат. Азыр чек ара жабылып калгандыгына байланыштуу, тиги таанышым келалбай жатат. Ал кимдир бирөөгө ишеним кат берсе, ошол адам анын ордуна сотко катыша алабы?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.07.2020, 10:02

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Сотко доогерлер өздөрү же алар жазып берген жана нотариустан күбөлөндүрүлгөн ишеним катынын негизинде ишенимдүү өкүлдөрү катышса болот. Тактап айтканда, ал киши сотко келалбаса, Кыргызстандагы адамга ишеним кат жөнөтүп жиберсе болот. Андан кийин берки адам анын өкүлү катары сотко катыша берет.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
01.08.2020, 14:41

Саламатсызбы.Биз чоң атамдан атама мураска калган жерде жашайбыз.Мындан 15 жыл мурун элдер биздин жердин жарымын айыл өкмөтүнө барып жол болот деп айыл өкмөтүнүн картасына киргизип коюшуптур.Бирок  жол чыга элек кызыл китепте  биздин участоктун аянты мурункусундай эле.Жерди Эжеме мураска калтырабыз дешет.Документтерди топтоп жердин аянтын ченегенде бул жер жол болуш керек экен деп жол чыгарып салышпайбы.Жерди кантип жол чыгарбай сактап калсак болот? 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт