Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир кайра тиктирсем болобу?
Саламатсызбы. Менин да суроомо жооп алып берип коесузбу? Төрөгөнүмө бир ай болуп калды. Разрыв болуп төрөгөн элем, доктурлар тигишкен. Ошол жери айрылып кетиптир. Кайра тиктирсе болобу?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Эгер разрыв өтө чөн эмес болсо, анан тигилген жери ажырап кетсе, эч нерсе эмес. Кайра тиктирүүнүн зарылчылыгы жок.
Ал эми тигилген жери абдан чоң болсо, анан ал айрылып кетсе, анда төрөтүңүз өткөн төрөт үйүнө кайрылыңыз. Дарыгерлер кошумча шов коюп беришет.
Бешик бооңуз бек болсун!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
Боюмда бар, демими кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга корүнүшүм керекпи?
ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка