Алапес оорусунан кантип арылам? Дерматолог жооп берет
Мен кичинемен бери бутума алапес чыккан, азыр бир аз токтогон. Бул оорудан кантип айыксам болот? Толугу менен жок кылса болобу?
Бакыт Курманалиева
“Эркай” клиникасынын адиси, дерматолог
Саламатчылык. Түшнгөнүмө караганда алапес – бул медицина тили менен айтканда витилиго оорусу. Анда теринин өңү ар кайсы жеринде агарып, адамдын өңү ала болуп калат.
Витилигонун негизги себеби адамдын организминдеги тери, чач жана көздүн түсү үчун жооп берген меланин пигментинин иштелип чыкпай калышы.
Тилекке каршы, ооруну толугу менен айыктыруу, жок кылуу мүмкүн эмес.
Жаңыдан башталганда, бала кезде эле дарылаганда кандайдыр бир натыйжа чыгышы мүмкүн. Канчалык көп убакыт өтсө, витилигону дарылоо ошончолук оор болот.
Адатта дарылоо мите курттардын бар жогун аныктоо үчүн анализ тапшыруудан башталат. Себеби паразиттер оргаизмдеги пайдалуу заттарды анын ичинде меланин пигментин да жеп коюшу мүмкүн.
Эгер бутуңуздагы ала тактар тынчыңызды албаса, жана андан ары чоңоюшу, өсүүсү, көбөйүшү токтосо, анда дарылабай эле коюну сунуштайм.
Ден соолукта болуңуз!