Ар дайым тердеп турам, эмне кылышым керек? Дерматологдун кеңеш берет
Саламатсызбы. Мен 18 жаштамын, гипергидроз оорусу менен ооруп келем. Колтугум, алаканым, буттарым, бүт эле денем тердеп турат. Бирок жыттанбайт.
Ар кандай гельдерди колдонуп көрдүм. Доктурга да баргам. Эч кандай өзгөрүш болгон жок. Мага дерматологдон кеңеш алып бергилечи? Эмне дары колдонсом болот?
Ангелина Мелиховская
Дерматолог-косметолог
Саламатчылык. Гипергидроз же ашыкча тердөө генерализацялаган (бүт дене) жана локализацияланган (колтук, алакан, таман) болуп экиге бөлүнөт.
Генерализацияланган түрү бир катар оорулар менен жабыркаганда пайда болот. Мисалы: кургак учук, неврастения, жыныс гормондорунун иштөөсүнүн бузулушу, гипертиреоз, гипталамустун жабыркашы ж.б. Мындайда тиешелүү адистерге кайрылып, илдеттин өзүн дарылоо зарыл.
Ал эми локализацияланган гипергидроз тукум, кууйт же тер бөлүп чыгаруучу бездердин тубаса өзгөчөлүгү болушу мүмкүн.
Локализацияланган гипергидроз төмөнкү жолдор менен дарыланат:
- Жергиликтүү дарылоо: курамында хлорид алюминийи бар антиперспирант колдонуу (Драй-драй, Одобан, Dryclor).
- Ботулинотерапия. Тер бөлүп чыгаруучу бездерге жакын жайгашкан симпатикалык нервтерди блокко салуу. Препараттын узактыгы 6-8 айга жетет.
- Хирургиялык жолу. Бул ыкманын 4 түрү бар:
- кюретаж – тер бөлүп чыгаруучу бездерди алып салуу;
- симпактэктомия – нерв өзөктөрүн кесип салуу;
- колтуктун терисин кесип салуу;
- липоксация – ашыкча майларды алып салуу.
Ден соолукта болуңуз!
Дерматолог-косметолог Ангелина Мелиховская менен инстаграмдагы @dermatolog_angelina баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.