// //

Күйөөм "мага айтпай балага күбөлүк алдың, сотко берем" деп жатат

2020.07.22, 10:14
1344

Саламатсызбы! Мен жолдошум менен ажырашканыбызга 2 жылдан ашты. Ортобузда ЗАГС жок. Ал убакта күйөөмдүн паспорту дагы жок болгондуктан, ажырашкандан кийин балдарга жалгыз бой эне катары күбөлүк алгам. Мага айтпай туулгандыгы тууралуу күбөлүк алды деп жолдошум мени сотко бере алабы? Өзү эч жерде иштебейт, жогорку билими жок. Ажырашкандан кийин кызым менен баламды Бишкекке алып келип, мамлекеттик бала бакчага орноштурдум. Жолдошум балдар менен жолугушуп турду. Ушул жылдын май айында уулумду сүнөткө отургузам деп сурап кеткен. Бир айдан кийин алып келээрин айтып убада берген. Эми чалып сурасам баланы бербей турганын айтып жатат. "Мага айтпай күбөлүк алгансың, сотко берсең, мен дагы берем" деп жатат.  Баламды алыш үчүн эмне кылышым керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.07.2020, 10:17

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жалгыз бой эне катары алгам деп жатасыз. Бул жерде күйөөңүзгө айтпай алганыңыз мааниге ээ эмес. Анткени ал адам “ушул менин балам” деп өзү кызыкдар болуп, документ алганы сиз менен чогуу барып, күбөлүк алууга арыз менен кайрылышы керек болчу. Ал эми андай арызды жаз же жазба деп эч ким аны мажбурлай албайт. Демек, өзүңүз барып жалгыз бой эне деп алганыңыз мыйзамга каршы келбейт. Себеби, ортоңордо ЗАГС жок болгондугуна байланыштуу, жалгыз бой эне деп алгансыз.

Ал эми сотко берсем баланы алаламбы деген сурооңузга токтолсок. Сотко кайрылууңуздун кажети жок. Сиз жалгыз бой энесиз, бүгүнкү күндө берки адам мыйзам боюнча балага эч ким эмес болуп эсептелет. Ошондуктан, милицияга кайрылсаңыз, алар балаңызды алууга жардам берет. Документтер боюнча баланын атасы ал киши эмес, ал баланын атасы экени туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө көрсөтүлгөн эмес. Ал атасы экенин айтып доо кое албайт. Ал киши  “мен баланын атасымын, ошону аныктап бергиле” деп гана сотко кайрылышы мүмкүн. Ошондо сиз сотко келип атасы же атасы эмес деп көрсөтмө бере аласыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт