// //

Кантип колледжге онлайн тапшырса болот? Абитуриенттер үчүн пайдалуу маалымат

2020.07.20, 09:42
1877

Коронвариус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын колледждерине 2020-2021-окуу жылында тапшыруу онлайн түрдө ишке ашырылат.

Абитуриент тапшыруу үчүн төмөнкүлөрдү аткарышы керек:

1-кадам

http://www.spuz.edu.gov.kg/ сайтына кирүү;

2-кадам

Орто кесиптик окуу жайлардын тизмесинен колледжди тандоо.

Азыркы учурда Кыргызстанда 144 колледж иш алып барат. Колледждер 129 адистик боюнча окутат. Ар бир областтагы 8 колледждин базасында Алдыңкы тажрыйба борборлору түзүлгөн, аларда жаңы стандарттар жана окуу программалары пилоттолууда.

3-кадам

Адистикти тандап, “Өтүнмө берүү” баскычын басуу керек.

4-кадам

Бардык керектүү талаачаларды толтуруп, сканерден өткөрүлгөн төмөнкү документтерди жүктөө зарыл:

• орто жалпы билими жөнүндө аттестат же негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүк,

• сүрөттөр.

“Катталуу” баскычын басуу зарыл;

5-кадам

Ийгиликтүү катталгандан кийин колледждин адистиктеринин тизмесине кайрылып келип, “Берилген өтүнмөлөр” баскычын басуу керек, анда өзүнүн орточо баллынын жыйынтыгын көрүүгө болот;

6-кадам

Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу кызматкеринен кабыл алууга сунуштоо жөнүндө тастыктама алуу зарыл.

Мындан тышкары, абитуриент сайттагы өзүнүн рейтингине мониторинг жүргүзө алат, ал үчүн өзүнүн аттестатынын (күбөлүгүнүн) номерин билүүгө тийиш.

Маалымат Билим берүү жана илим министрлигинин сайтынан алынды. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт