// //

Азыркы кырдаалда сөөктү кантип жерге берүү керек, теолог айтып берди

2020.07.16, 14:15
1450

Теолог жана Кыргызстандын аалымдар кеңешинин мүчөсү Кадыр Маликов мусулмандарды коронавирустан көз жумган мусулмандын сөөгүн жерге берүү зыйнатында коопсуздук чараларын көрүүгө чакырды. Ал жакындарын жоготкон бардык мусулмандарга көңүл айтып, кайрат кылууга чакырат.

“Азыркы тапта ар бирибизден үмүт, жана колдон келишинче күрөшүү, бири-бирибизге колдоо көрсөтүу жана жардам берүү керектелип жатат. Так ушундай мезгилде адамдын чыныгы ишеними, адамдык сапаты аныкталат. Сөз менен эмес, жасаган иши менен”, - деп белгиледи теолог.

Жакындарын жоготуп, сөөгүн жерге берип жаткан жарандарга айта турган кеңешим:

  • жеке гигиенанын бардык шарттарын сактагыла (маска тагынып, колду тынымсыз жууп), коронавирустан каза тапканды жерге берип жатканда, дезинфекция жүргүзгүлө;
  • өлгөнгө ашыкча киши чакырбагыла, 1,5 метр дистанцияны сактап, көмгөнгө эң жакын адамдары гана барышсын;
  • эгер оору жугузуп алуу коркунучу бар болсо, (медиктердин рекомендациясына ылайык) сөөктү кармабай, аралыктан чака же шланг менен суу куюп жууса болот. Кепинди хлоркага эритмесине чылап андан кийин кепиндегиле;
  • жаназасын көпкө созбогула, 5-7 мүнөт жетиштүү. Жаназа намазда да адамдардын ортосундагы 1,5 метрлик дистанцияны сактагыла;
  • эгер оорудан каза болгон адамды медиктер жууп, вирустан коргоочу материалга ороп беришсе, сөөктү чыгарып, кайрадан жууп, башка кепинге ороонун зарылчылыгы жок;
  • эгер сөөктү ооруканадан жууп, кепинге ороп келишсе, дароо мүрзөгө алып барып, жаназасын окуса болот;
  • бир эле учурда бир нече сөөккө жаназа окууга уруксат берилет;
  • эгер ислам дининин жол-жобосу менен көмүүдө оору жугузуу коркунучу жаралса, атайын сумкага же табытка салып жерге коюуга уруксат берилет;
  • сөөк жерге берилгенден кийин чогулгандар дароо үйлөрүнө тароосу шарт. Куран окутуп, тамакка кирүүгө болбойт;
  • улгайып калган адамдар, ден соолугу начарлар, жана кичинекей балдарга жаназа намазга катышууга тыюу салынат;
  • көп сандагы адамдарды чакырып кырк, аш бербегиле, жакын адамдары чогулуп, куран окуп, эскерүүсү жетиштүү.

Башкы беттеги сүрөт иллюсративдүү.

Бул маалымат kaktus.media сайтынан алынды.

Коронавирус тууралуу дагы бул жерден окусаңыз болот:

Учурдагы оору курч респиратордук вирустук инфекция эмес, бул коронавирус

Коронавирус: профилактика, симптомдору, дарылоо жолдору 

Коронавирус аныкталса, бирок өзүңүздү жакшы сезип жатсаңыз, демек бул...

Ичимдик ичүү коронавирустан сактайбы? COVID-19 врусу тууралуу миф

Коронавирусту күчөтүп жибербөө үчүн 6 негизги кадам. Кыскача инструкция

Коронавирустун жеңил формасынан жабыркагандар үчүн дем алуу гимнастикасы

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт