“Айыл Банктын” MasterCard’ы менен дүйнөнүн ар бурчунан төлөм жүргүзө аласыз
“Айыл Банк” ААКнын MasterCard картасын пайдаланып, товарларды жана кызматтарды дүйнөнүн каалаган бурчунда төлөй аласыз!
"Айыл Банк" ААКсынын MasterCard'ды менен товарлар жана кызматтар үчүн төлөө үчүн банкоматтардын, дүкөндөрдүн жана веб-сайттардын глобалдык тармагын коопсуз колдонсоңуз болот.
MasterCard карталары менен ар дайым оңой жана ыңгайлуу, анткени керектүү акчанын суммасы ар дайым колдо. Саякаттоо учурунда дүкөндөрдө, кафелерде жана ресторандарда кызматтарды жана сатып алууларды төлөө үчүн "Айыл Банктын" MasterCard карталарын пайдаланыңыз. Байланышсыз төлөө технологиясынын жардамы менен бардыгы бир топ жеңилдеп, ыңгайлуу болуп калды - эсептөө терминалына бир гана тийүү менен сиздин сатып алууңуз төлөнөт.
MasterCard - бул дүйнөнүн 210 өлкөсүндө ыңгайлуу жана коопсуз төлөм ыкмасы. Дүкөндөрдө жана кызматтарда сатып алуу үчүн карта менен төлөө ыңгайлуу келип, чоң суммадагы акчаны алып жүрүүнүн жана накталай акчанын бар-жогу жөнүндө ойлонуунун да кажети жок.
Эгер картаңызды жоготсоңуз, күнү-түнү колдоо кызматына чалып, карта токтоосуз жабылып калат.
- Кеңири тейлөө тармагы. MasterCard карталары дүйнө жүзү боюнча 29 миллиондон ашык пункттарда, көптөгөн дүкөндөрдө жана ресторандарда кабыл алынат.
- Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө MasterCard карталарын колдонуу мүмкүнчүлүгү. (Интернет аркылуу да )
- Узак мөөнөттүү колдонуу. MasterCard 5 жылга чейин берилет. Картанын мөөнөтү бүткөндөн кийин, банк кардарга кызматташууну кеңейтүүнү жана картаны кайрадан чыгарууну сунуш кылат.
Мүмкүнчүлүктөр:
- Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү товарлар жана кызматтар үчүн накталай эмес төлөмдөр.
- Интернетте товарлар жана кызматтар үчүн төлөө.
- Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү банкоматтардан накталай акчаларды алуу.
- Картаны накталай же накталай эмес которуу жолу менен толуктоо.
- Телефон номери боюнча накталай эмес которуу.
Mastercard Standard
Күнүмдүк сатып алуулардан кыялыңыздагы саякатка чейин, Mastercard Standard ыңгайлуу жана коопсуз каражат болуп, чыгымдарды көзөмөлдөөгө жардам берет.
Mastercard gold
Артыкчылыктуу кызмат, арзандатуулар жана дүйнө жүзү боюнча атайын сунуштар. Gold категориясындагы пластикалык карта - бул дүйнө жүзү боюнча каржылык эркиндик.
MasterCard төлөм картасын алуу үчүн, Айыл Банктын каалаган пунктуна паспорт менен кайрылып, MasterCard картасын алуу боюнча өтүнмө калтырып же бул жерде онлайн билдирүүнү толтурушуңуз керек.