Эмне себептен жыныс мүчөм киндик тарапты карап кыйшыйып турат?
Саламатсызбы! Жыныс мүчөм киндик тарапты карап кыйшыйып турат. Эмне себептен мындай? Кийин жыныстык катнашта көйгөй жаратпайбы?
Болот Рысбаев
Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын доценти, уролог
Саламатсызбы! Жыныс мүчөдө байламталар болот, ар кимдики ар кандай дегендей. Байламталары кыска болуп төрөлгөндөрдүн жыныс мүчөсү кыйшыйып өйдө карап турат. Ал эми узунураак болуп төрөлгөндөрдүн жыныс мүчөсү түз. Эгер оорутпаса эч кандай көйгөй жок. Кыйшык жыныс мүчө менен деле жакшынакай эле жыныстык катншака барса болот. Кааласаңыз урологго барып бир текшерилип коюңуз.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Бел суусу эрте түшкөн эркектерге пайдалуу маалымат
Жыныстык катнашты кантип узартса болот? Бел суусу эрте түшкөн эркектерге кеңеш
Аял үчүн жыныстык катнашсыз жашоо зыянбы? Сексолог айтып берет
Эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса эмне болот? Адистер айтып берет