// //

Жаңы төрөлгөн бала эмне үчүн саргарып кетет, бул кооптуубу? Педиатр айтып берет

2020.06.28, 15:00
14794

Эмне үчүн баланын териси саргарат? Анын эч кандай коркунучу жокпу? Кандай чараларды көрүү керек? Бул тууралуу педиатр Елена Халитова айтып берди.

Эмне үчүн жаңы төрөлгөн баланын терисинин өңү сары болуп калат?

Жаңы төрөлгөн баланын терисинин өңү сары болушу нормалдуу көрүнүш. Бул ушул курака тиешелүү абал. Себеби жаңыдан гана жашап келаткан бөбөктүн тамак сиңирүү системасы толук калыптана элек. Кандын курамында билирубин деген вещество көп болот.

Билирубин – бул кызыл-саргыч түстөгү пигмент. Ал гемоглобин талкаланган учурда пайда болот. Териге чогула бергендиктен, наристенин эти саргыч тартып калат.

Ал төрөлгөндөн кийин 2-3 күндө байкалат жана 3-4 жумага чейин созулат.

Орус тилинде “желтуха” деп коюшат.

Желтуха бала үчүн коркунучтуубу?

“Желтуха” эки түргө бөлүнөт: физиологиялык жана патологиялык.

Физиологиялык түрү көп кездешет. Статистикага ылайык ал 50% ымыркайларда болот. Баланын жалпы абалы канааттандыраарлык. Жогоруда айтылгандай желтуха өзүнөн-өзү жок болот. Мындайда желтуха коркунучтуу эмес.

Айрым учурларда баланын сарысы патологиялык түргө өтөт. Бала уйкусурап, шалдырап, эмчек эме албайт, же эмгенин кайра кусуп сала берет. Бардык рефлекстери төмөндөйт. Мындай учурда медициналык текшерүүдөн өтүп дарылануу керек.

Кандын курамында билирубин ашыкча болгондо ал наристенин нерв системасына да өтө баштайт. Ал өз кезегинде организмди уулантып, биринчи кезекте баш мээге таасирин тийгизет. Кийин акыл эси жетилбей калышы мүмкүн. Андан тышкары паралич жана дүлөй болуп калуу коркунучу да бар.

Диагноз кантип коюлат?

Патологиялык желтуха деген диагнозду бир гана симптомдордун негизинде коюуу мүмкүн эмес. Ал үчүн кандын биохимиялык анализин жүргүзүү зарыл.

Желтуха кантип дарыланат?

Желтуханы дарылоо ыкмаларынын бири – фототерапия лампаларын колдонуу. Бул көк түстөгү атайын лампалар. Ал бала үчүн коопсуз, болгону билирубинди талкалап, организмден тезирээк чыгып кетишине шарт түзөт.

Андан тышкары, баланы көбүрөөк эмизүү сунушталат. Бала эмген сайын кандын курамындагы билирубин заара жана заң менен чыгып кетет. Ошондуктан дарыгерлер бала сураган сайын эмизүү керек деп айтышат.

Баланын териси саргарганын байкасаңыз дароо педиатрга көрсөтүңүз!

Адатта желтуха ара төрөлгөн балдарда көп болот. Андыктан кош бойлуулукту пландаштырып, олуттуу мамиле кылып, болочок эненин ден соолгун чыңдоо керек. Убагында учетко туруп, ар дайым гинекологдун көзөмөлүндө болуңуз.

Өзүңүздүн жана баланын ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылыңыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт